Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 25-сессиясынын жыйыны

 

2023-жылдын 3-октябрындагы № 25/1

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу жана колдоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош областынын Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат.

 

1. Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар жана Алайку айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

2. Бириккен айыл аймак Алайку айыл аймагы деп аталсын.

3. Бириккен Алайку айыл аймагынын административдик борбору Күйө-Таш айылында жайгашсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланышы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин

төрагасы

Д.Зарипбеков