КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 25-сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 3-октябрындагы № 25/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде Кызыл-Жар айыл аймагындагы айылдарда жергиликтүү жамааттарынын жыйындарын өткөрүү күнүн жана өтүүчү жерди белгилөө жана жыйындарды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде Кызыл-Жар айыл аймагындагы айылдарда жергиликтүү жамааттарынын жыйындарын өткөрүү күнүн жана өтүүчү жерди белгилөө жана жыйындарды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын түзүү максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Жар айыл аймагындагы айылдарда жергиликтүү жамааттарынын жыйындарын өткөрүү күнүн , убактысын жана өтүүчү жерлери төмөндөгүдөй болуп белгиленсин.
№ | Айылдардын аталышы | Курултайды өткөрүүнүн убактысы (күнү,айы) | Сааты | Өткөрүү орду |
1 | Коо-Чаты | 16-октябрь | 13:00 | Спорт зал |
2 | Кайың-Талаа | 13-октябрь 2023-ж | 10:00 | Маданият үйү |
3 | Күйө-Таш | 6-октябрь 2023-жыл | 12:00 | Маданият үйү |
4 | Терек | 5-октябрь 2023-жыл | 10:00 | Маданият үйү |
2. Жыйындарды өткөрүү үчүн жумушчу топтун курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы Д. Зарипбековко жүктөлсүн.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Д.Зарипбеков |