КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 25-сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 23-октябрындагы № 25/3
Айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдар аралыгында социалдык-экономикалык өнүгүү планын (СЕОП) ишке ашыруу жөнүндө
АРИСтин “САSА-1000 коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында ишке ашырып жаткан төмөндөгү долбоор Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-2026-жылдар арасында социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүүнү колдоого алуу жөнүндөгү Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери колго алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Д.Зарипбеков |