Редакцияот 20.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 25-сессиясынын жыйыны

 

2023-жылдын 20-ноябрындагы № 25/5

Кызыл-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Коо-Чаты айылындагы Айдың-Көл орто мектебинин жеринен ачык кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Коо-Чаты айылындагы Айдың-Көл орто мектебинин жеринен ачык кичи футбол аянтчасын куруу максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат.

 

1. Кызыл-Жар айыл аймагынын муниципалдык менчигинде турган Айдың-Көл орто мектебинин жеринен ачык кичи футбол аянтчасын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Тийиштүү кагаздарын бүтүрүп берүү жагы жана Кара-Кулжа райондук архитектурасынан (АПШ) түздүртүп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин агрардык,азык-түлүк,суу чарба,жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин

төрагасы

Д.Зарипбеков