Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 2-июлу № 19/2
ЭскиКочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Кочкор айылынын Сапар Алиев 3 дарегинде жайгашкан, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту боюнча идентификациялык коду 4-0403-1001-2290, эски Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин 779,67 м2 имаратын бузууга макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып,Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Сапар Алиев 3 дарегинде жайгашкан, кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту боюнча идентификациялык коду 4-0403-1001-2290, эски Кочкор райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин 779,67 м2 имаратын бузууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Р. Жолдошбеков |