Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 2-июлу № 19/3
Таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын ичүүчү таза суунун тарифин 2026-жылга бекитүү туралуу “Кочкор” МИ жетекчиси А.Аситовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” № 320 Токтомун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.“Кочкор” муниципалдык ишкананын таза суунун тарифи 1 метр куб сууга 18,00 сом менен бекитилсин жана ар бир түтүнгө бир айга 150 сомдон бекитилсин.
2.Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы Кочкор МИ жетекчиси А.Аситовдун милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Р. Жолдошбеков |