Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №3
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга
жыл башында калдыгы жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жыл башына калган калдыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2026- жылга карата жыл башындагы калдык 377,7 мин сом болгондугу белгиленсин.
2.Айыл окмотунун 2026-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 366,0 мин сом,аппараттын 2215 беренесине 300,0 мин сом, аппараттын 2221 беренесине 66,0 мин сом кошумча план болуп отургузулсун.
3.Айыл өкмөтүнүн атайын каражатына бала бакчанын 2218 беренесине 11,7мин сом кошумча план болуп отургузулсун.
4.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|