Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №4
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2026–жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрү “Кыргыз Республикасынын 2026–жылга республикалык бюджети” жөнүндөгү, “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси” жөнүндөгү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан бекитилген Салык Кодекси жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүп,Тогуз-Торо айылдык кенешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясында каралып, айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюна 25525,4 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 25525,4 мин сом суммасында №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2028-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
3.2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:
2027-жылга 26493,0 мин сом суммасында
2028-жылга 27551,0 мин сом суммасында.
4. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3 тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
5.Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин ичинен 300,0 мин сом суммасында резервдик фонд болуп бекитилсин.
7.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2935,4мин сом суммасында бекитилсин.
8. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200,0мин сом суммасында субсидия бекитилсин.
9. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин ичинен кредитти кайтаруу беренесине 346,2 мин сом бекитилсин.
10.Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы,соц фонддуна чегерүүлөр,тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча(электроэнергия,көмүр,телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.
11.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электроэнергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу,ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.
12. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
13. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын..
Төрага |
У.Токтожумаев
|