Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №5
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга
бюджетинин аткарылышы жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргызы Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2025-жылга аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсү эске алынсын.
2.Тогуз-Торо айыл аймагынын бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгү 33728,2 мин сом, чыгаша бөлүгү 34264,0мин сом болгондугу жана чыгымдардын максаттуу пайдаланылгандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|