КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 26-сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 22-декабрындагы № 26/3
Кызыл-Жар айыл аймагында ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн “Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын абоненттерге берилген ичүүчү таза суунун тарифи боюнча депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чычырканак, Коо-Чаты, Күйөө-Таш, Кызыл-Жар айылдарында жана ушул айылдардын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн жалпы чогулушта сунуш кылынган 1м3 (куб м) суунун тарифи эске алынсын.
2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү абоненттерге берилип жаткан ичүү таза суунун тарифи 1м3 (куб м) 144 (жүз кырк төрт) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жана айылдык кеңештин бюджет финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комисиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Д.Зарипбеков |