Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №6
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн штаттык курамын бекитүү жɵнүндɵ
Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн түзүмү, штаттык курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн штаттык курамына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү (делегирования) менен келишимдин негизинде экономист-статист штаты №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнө келишим (контракт) менен алына турган штаттын курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|