Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-июлу № 26/4
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтү жалпы сметалык наркы 1 780 000 (бир миллион жети жүз сексен миң) сомду түзгөн “Дөбөлү айыл аймагынын “Кур-Сай, Куу-Дөңгөч, Төө-Жайлоо, Бурган-Суу жана Кайыңды каналдарынын башына суу бөлүштүрүүчү курулмаларды орнотуу үчүн курулуш материалдарын жана технологиялык жабдууларды сатып алуу” долбоору жактырылсын.
2.Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 1 780 000 (бир миллион жети жүз сексен миң) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
Б. Шералиев |