КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңешинин (7 чакырылыштагы) кезектеги 26-сессиясынын жыйыны
2023-жылдын 22-декабрындагы № 26/3
“Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын абоненнтерин суу пайдалануучулардын эрежелерин бекитүү жөнүндө
“Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун, Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Жар айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттары токтом кылат:
1. “Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын кайрылуусунун, Чычырканак, Коо-Чаты, Күйөө-Таш, Кызыл-Жар айылынын ичүүчү сууну пайдалануучу абоненттердин жана суу пайдалануучулардын эрежелери бекитилип берилсин (суу пайдалануучулардын эрежелери тиркелет).
(тиркеме кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде)
2. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы “Чычырканак таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Жаңыбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз у Бактыбекке жана айылдык кеңештин бюджет финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комисиясынын төрайымы Т.Жусубалиевага милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
| Д.Зарипбеков |