Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №8
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын 2026-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыскул уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын 2026-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|