Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XXVI СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-июлу № 26/7
Долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын инфратүзүмдүк деңгээлин жогорулатуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” балдар бакчасына жалпы сметалык наркы 5 573 667 (беш миллион беш жүз жетимиш үч миң алты жүз алтымыш жети) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагынын “Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” балдар бакчасына күн энергиясы системасын жана аба-жылуулук насосторун орнотуу” долбоору жактырылсын.
2.Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 3 573 677 (үч миллион беш жүз жетимиш үч миң алты жүз алтымыш жети) сом каражаты Нарын райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджеттинен 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага: |
Б. Шералиев |