Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №11
Көрүстөндөрдү брондоо жана көрүстөндөрдү күтүүгө кеткен чыгымдарды эске алган кошумча кызматтардын коэффициентин (К) бекитүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагында көрүстөндөрдү брондоо жана көрүстөндөрдү күтүүгө кеткен чыгымдарды эске алган кошумча кызматтардын коэффициенти (К) 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|