Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №12
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагынынЛенин айылынын аталышын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Административдик- аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” № 149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагынын Ленин айылынын аталышын Казарман айылы деп өзгөртүү тууралуу 2026-жылдын 20-январындагы №1 элдик жыйындын протоколу бекитилип, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагынын Ленин айылынын аталышын Казарман айылы деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|