Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №15
Калктуу конуштун таштандыларын ташып чыгаруу жыйымды кароо жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү бюджетке түшө турган калктуу конуштун таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым 2018-жылдын 10-августундагы №90 Кыргыз Республикасынын “салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 24-главасынын 76 беренелерине ылайык төмөндөгүдөй бекитилсин.
-жеке жактар-ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жзай курулуштарынын
ээлери ар бир жашоочу үчүн 5 сом өлчөмүндө;
-жеке жана юридикалык жактар –ишкердик иш үчүн арналган имараттардын ээлери
ар бир жумушчуга 100 (жүз) сом өлчөмүндө;
-мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн ишканалар
жана мекемелерде эмгектенген ар бир жумушчу үчүн 100 сом өлчөмүндө
жана жыйымды тиешелүү жылдын 01-апрелине чейин эсептөөсүн жана төлөөсүн
жүргүзүү бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|