Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ХХIII шайланышынын кезектеги чакырылган XIII сессиясы
2026-жылдын 22-январындагы №16
Эсенбай уулу Тынчтыкбекти “Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулуна” сунуштоо жөнүндө
Кош-Булак айылынын тургуну Эсенбай уулу Тынчтыкбекти «Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү боюнча Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин депутаты Каамытов Майрамбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Булак айылынын тургуну Эсенбай уулу Тынчтыкбекке «Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Төрага |
У.Токтожумаев
|