Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XX сессиясы
2026-жылдын 31-июнундагы №01-09/22
Кара-Көл шаарынын 2026-жылга шаардык бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын” структурасындагы “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү”, “Таза суу” участкаларынын жалпы 48 штаттык бирдиктеринин айлык акы, соцфондго чегерүүгөлөрүн дотация, субсидия катары, негизги фонддорун оперативдүү башкарууга Кара-Көл шаарынын мэриясынын “Кара-Көл шаардык коммуналдык чарбалар” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жана шаардык бюджеттин 2026-жылга бекитилген социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына же “Өнүгүү бюджетине” өзгөртүү киргизүү жөнүндө шаардын мэри А.Т.Турдубековдун 2026-жылдын 28-июлундагы №01-20/4982 сандуу катын, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальнигинин у.м.а. Ы.Т.Талипованын жана шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүү - маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын” (ШММБ) структурасындагы “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” (34 шт.бирдик), “Таза суу” (14 шт.бирдик) участкаларынын жалпы 48 штаттык бирдиктеринин айлык акы, соцфондго чегерүүгөлөрүн дотация, субсидия катары, негизги фонддорун оперативдүү башкарууга Кара-Көл шаарынын мэриясынын “Кара-Көл шаардык коммуналдык чарбалар” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жана шаардык бюджеттин 2026-жылга бекитилген социалдык - экономикалык өнүктүрүү программасына же “Өнүгүү бюджетине” өзгөртүү киргизүү жөнүндө шаардын мэри А.Т.Турдубековдун 2026-жылдын 28-июлундагы №01-20/4982 сандуу каты, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгынын начальнигинин у.м.а. Ы.Т.Талипованын жана шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүү - маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 22, 51 - беренелерине ылайык ШММБнын 2026-жылга бекитилген структурасындагы “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” (34 шт.бирдик), “Таза суу” (14 шт.бирдик) участкаларынын жалпы 48 штаттык бирдиктерин Кара-Көл шаарынын мэриясынын “Кара-Көл шаардык коммуналдык чарбалар” муниципалдык ишканасына 2026-жылдын 1-августунан айлык акы, соцфондго чегерүүгө жергиликтүү бюджеттен ШММБнын 2026-жылга бекитилген каражаттын 2026-жылдын 1-августуна карата 9 274,4 миң сомдук калдык каражатты эске алуу менен кошумча 5 606,3 миң сом, жалпы 14 880,7 миң сомдук каражат дотация, субсидия катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдарынын тиешелүү талаптарына ылайык ШММБнын 2026-жылга бекитилген структурасындагы “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү”, “Таза суу” участкаларына тиешелүү негизги фонддорун, анын ичинде автопарк, Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө айылдарындагы, Кулданбаев, Төш-Мазар, Чоң-Таш көчөлөрүндөгү суу, канализация түтүктөрүн жана аларга бекитилген күйүүчү май, запастык бөлүктөр, жумушчулардын атайын кийимдерин каражаттары менен Кара-Көл шаарынын мэриясынын “Кара-Көл шаардык коммуналдык чарбалар” муниципалдык ишканасына 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин мыйзам чегинде оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин талабына ылайык Кара-Көл шаардык кеңештин “Кара-Көл шаарынын 2026-жылга шаардык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Шаардык бюджеттин 2025-жылдын жыйынтыгы менен бош калган калдык, үнөм каражаттарды каржылоо жөнүндө” 2026-жылдын 24-февралындагы №№01-09/2,3 токтомдорундагы 2026-жылга мэриянын социалдык - экономикалык өнүктүрүү программасынын же “Өнүгүү бюджетине” бекитилген (62 917,0 + 42 138,7) 105 055,7 миң сомдук иш - чараларга шаардык бюджетке 1,2- тиркемелерге ылайык өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгы (Ы.Т.Талипова) бул токтомдон келип чыккан бюджеттик өзгөртүүлөр боюнча ШММБнын тиешелүү беренелерине тактоо (“уточнение”) киргизип, мыйзам чегинде каржыласын.
6. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (А.Т.Турдубеков), Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Ы.Т.Талипова) жана ШММБна (Н.Э.Эрмекбаев), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |