Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XX сессиясы
2026-жылдын 31-июнундагы №01-09/23
Кара-Көл шаарынын 2026-жылга шаардык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө 24.02.2026-ж. №01-09/3 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын 2026-жылга шаардык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө 24.02.2026-ж. №01-09/3 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кара-Көл шаарынын мэри А.Т.Турдубековдун , Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын начальниги А.К.Колбаевдин жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүү-маалыматтарын угуп Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин талабынын негизинде “Кара-Көл шаарынын 2026-жылга шаардык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө” шаардык кеңештин 24.02.2026-ж. №01-09/3 сандуу токтому менен бекитилген Кара-Көл шаарынын 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 268734,1 миң сомдук сумманын ордуна киреше салыгынын (“подоходный налог”) планын кошумча түшүүчү 10422,0 миң сомго көбөйтүү менен 279156,1 миң сомго балансташтырылып 1,2,3-тиркемелерге ылайык өзгөртүлүп бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгы (Талипова Ы.Т.) Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планына тактоо (“уточнение”) киргизүү боюнча иш алып баруусу жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-бер. 4-п., 103-бер. 3-п. талабынын негизинде шаардык бюджеттин киреше, чыгаша бөлүктөрүнө тактоо (“уточнение”) киргизүү сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-бер. 1,2,3-п.п. талаптарынын негизинде шаардык мэрияга (Турдубеков А.Т), Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Көл финансы башкармалыгына (Талипова Ы.Т.) жана Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл боюнча башкармалыгына (Колбаев А.К.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери инвестиция боюнча комиссиясына (Мамытканова Т.А.) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |