Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XX сессиясы
2026-жылдын 31-июнундагы №01-09/24
Кара-Көл шаарынын Чубак ажы Жалилов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2547, 26 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Кара-Көл шаарынын аскер комиссариатына туруктуу пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын Чубак ажы Жалилов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2547,26 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Кара-Көл шаарынын аскер комиссариатына туруктуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө шаардын мэринин орун басары К.Б.Туркбаевдин 2026-жылдын 28-июлундагы №01-20/4994 сандуу кайрылуусун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-статьясынын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Көл шаарынын Чубак ажы Жалилов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2547, 26 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Кара-Көл шаарынын аскер комиссариатына туруктуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Кара-Көл шаарынын мэриясы (А.Т.Турдубеков), муниципалдык менчик башкармалыгы (Н.А.Эрмекбаев) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (А.Т.Турдубеков),
Кара-Көл шаарынын мэриясынын ММБна (Н.А.Эрмекбаев), аткарылышын көзөмөлдөө жагы өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Н.Б.Чыныкбаев) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |