Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XX сессиясы
2026-жылдын 31-июнундагы №01-09/25
Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан жеңилдиктер беренесинен бир жолу материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан жеңилдиктер беренесинен бир жолу материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө жобону бекитип берүү боюнча Кара-Көл шаардык мэриянын аппарат жетекчиси А.Т.Анарбаеванын 2026-жылдын 29-июлундагы №01-20/5031 сандуу катындагы кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан жеңилдиктер беренесинен бир жолу материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кара-Көл шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 159/34-8 “Кара-Көл шаардык мэриясынын бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү ” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына
(А.Т.Анарбаева), аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Ш.А.Токтосунов) жүктөлсүн.
Төрага |
Кимсанов Ч.А. |