Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2025-жылдын 20-августундагы №2/1
Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысы Р.Касымбековдун 2025-жылдын алты ай ичинде ар тараптан аткарган ишинин отчётуна баа берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Касымбековдун 2025-жылдын алты ай ичинде ар тараптан аткарган ишинин отчётун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Касымбековдун 2025-жылдын алты ай ичинде ар тараптан аткарган ишмердүүлүк отчёту канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2.Айыл өкмөттүн башчысынын ишинде кемчиликтер белгиленгени менен, бардык айтылган суроо талап сунуштар аткарылбай жаткандыктан туруктуулукту сактоо максатында, туруктуу комиссиялардын чечимдерине негиз “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесинин 15-пунктуна ылайык, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Касымбековго ишенбөөчүлүк көрсөтүлсүн.
3.Кыска мөөнөттүн ичинде Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Касымбековду ээлеген кызмат абалын кароо, Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Саргазаков Максатбек Таштанбековичке сунушталсын.
4.Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Саргазаков Максатбек Таштанбекович, ушул ишеним көрсөтбөө жөнүндөгү токтомду кабыл албаса айылдык кеңеш жогорку тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур экендигибиз билдирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
Ч.Кадыркулов
|