Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2025-жылдын 20-августундагы №2/2
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратбековдун 2025-жылдын алты ай ичинде бюджеттин киреше чыгаша бөлүгү боюнча ишинин отчётуна баа берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратбековдун 2025-жылдын алты ай ичинде бюджеттин киреше чыгаша бөлүгү боюнча берген отчётун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратбековдун 2025-жылдын алты ай ичинде бюджеттин киреше чыгаша бөлүгү боюнча берген отчёту канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратбековдун кызмат абалын кароо жагы жана 2025-жылдын алты ай ичинде бюджеттин киреше бөлүгү бекитилген планга ылайык аткарылбагандыгы үчүн тиешелүү адистерге чара көрүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.Кадыркулов
|