Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2025-жылдын 20-августундагы №2/3
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратбековдун сунушу менен айыл аймактагы бала-бакчаларга ж.б. акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратбековдун сунушу менен айыл аймактагы бала-бакчаларга акча каражатын бөлүп берүү боюнча Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Дөбө айыл аймагындагы С.Тыныбекова атындагы балдар бакчасынын эки бөлмөсүнүн полун өңдоого 100 000 (бир жүз миң) сом. Д.Карабаев атындагы балдар бакчасынын электр түйүндөрүн жаңылоого 70 000 (жетимиш миң) сом. П.Орункулова атындагы балдар бакчасына жаңы акылдуу от казан алууга 250 000 (эки жүз элүү миң) сом. Чие атындагы балдар бакчасына тамак аш бышыруучу очок курууга 50 000 (элүү миң) сом. акча каражаты ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесинен, Б-709 билим берүү мекемелеринин чыгымдары бөлүмүнүн, 2221, 2222, 3112 беренесине отургузууга макулдук берилсин.
2.К.Эргешбаев атындагы маданият үйүнө жаңы инвентарларды алуу үчүн 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесинен Маданият 70823 бөлүмүнүн 2222 беренесине олтургузууга макулдук берилсин.
3.“Аксыга сапар” аттуу кино тартылып жаткандыктан колдоо иретинде 30 000 (отуз миң ) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.
4.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга болжолдуу киреше тармагы бекитилип берилсин.
5.Кош-Дөбө айылдык кеңештин 2025-жылдын 21-апрелиндеги Токтом №1/1 токтомунун 1-пунктунда Кош-Дөбө айыл аймагынын “Бозбу Таза-Суу” коомдук башталыштагы чарбалык мекемеси 2023-2024-жылдары иштеген жумушчуларынан социальдык фондго 208,7 (эки жүз сегиз миң жети жүз ) сом , ал эми киреше салыгына 76,6 (жетимиш алты миң алты жүз ) сом акча каражатынан карыз болгондуктан, Кош-Дөбө айыл өкмөттүн 2025-жылдын бюджетинин ст. 2215 тен 285300 ( эки жүз сексен беш миң үч жүз) сом акча каражаты мыйзамдуулугу туура келсе которуп берүүгө макулдук берилсин деп көрсөтүлгөн ошол 2215 беренеден 2511 беренеге котурууга макулдук берилсин.
6.Мундуз айылындагы С.Жээнбаев атындагы орто мектептин мурдагы ордуна бала бакча ачуу боюнча долбоор ж.б. документтерин 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүп ачуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Касымбековго сунушталсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.Кадыркулов
|