Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2025-жылдын 20-августундагы №2/4
Кош-Дөбө айылдык кеңештин туруктуу комиссиялардын чыгарган чечимдерин карап бекитип берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айылдык кеңештин туруктуу комиссиялардын чыгарган чечимдери боюнча комиссия төрагаларынын окуп тааныштырууларын Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылдын алты айы боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы толук көзөмөлгө алынбагандыктан, айыл аймактагы бир катар иш-чаралар жана кызмат көрсөтүүлөр өз убагында ишке ашбай калгандыгы белгиленсин.
2.Айылдык кеңештен чыккан токтомдорду айыл өкмөт тарабынан аткарылбаганы белгиленсин жана токтомдордун аткарылышын көзөмөлдө жагы мыйзамдуулук комитетине жүктөлсүн.
3.Бюджетти көтөрүү максатында кошумча булак табуу боюнча эч кандай иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин жана тиешелүү адистерге чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
4.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын алты айында бюджеттин чыгаша бөлүгүндө толук кандуу иш жүргүзүлбөгөнү белгиленсин.
5.Белгиленген планды өз учурунда аткара албаган адистерге тиешелүү чара көрүү жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
6.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык балансында такталган мүлктөрдү айыл өкмөттүн бирдиктүү реестрине киргизүүгө макулдук берилсин.
7.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансында туруп “Кош-Дөбө тазалык ” муниципалдык ишканасына чарбалык башкарууга берилген техникаларды ижарага берүү боюнча. Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобонун ылайыктуу жолу менен айыл өкмөт өзү тиешелүү тарап менен түзүлгөн келишимин алып келсе бекитип берүү жагы каралсын.
8.Айыл аймактагы сугат суу багытындагы скважиналарды Аксы райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүүдө скважиналардын толук документтери бүткөн болсо өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
9.Айыл өкмөттүн Ш.Ашыралиев атындагы дыйкан базарды Кош-Дөбө Тазалык муниципалдык ишканага өткөрүп берүү жагы сунушталсын жана бул маселе боюнча айылдык кеңештин 28.05.2024-жылы №3/2 сандуу токтомунун негизинде аткарууга алуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөттүн башчысы Р.Касымбековго милдеттендирилсин.
10.Кош-Дөбө айылдык кеңештен 2025-жылдын 22-май күнү чыгарылган № 2/1. № 2/3. №2/4.токтомдо белгиленген жумуштар аткарылбаганы белгиленсин.
11.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансында турган суу бурголоочу УРАЛ-15 атайын техникасын ижарага берүү үчүн экинчи тарап менен түзүлгөн келишимин алып келсе ижарага берүүгө макулдук берүү жагы каралсын.
12.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун кайрылуусу менен Атана айылынын тургуну Пашахожаев Закирдин жазган арызы айыл өкмөт тарабынан кайрадан каралуу жагы айыл өкмөт башчыдан суралсын.
13.Кош-Дөбө тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Аширбековдун 2025-жылдын алты айында жүргүзгөн иши алымча кошумчасы менен канааттандырарлык деп табылсын.
14.Калктын эгиндерин суугат сууну алып келип уюштуруп камсыз кылууда Кош-Дөбө айыл аймагында 2025-жылдын алты айында жеткиликсиз болгондугу белгиленсин.
15.Элдин эгиндерине өз учурунда суугат суу жеткирүүдө уюштуруу иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн тиешелүү адистерге чара көрүү жагы айыл өкмөт башчыга сунушталсын.
16.Айыл өкмөттүн социалдык- экономикалык программаларынын үстүндө эч кандай иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин.
17.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Касымбековдун ишмердиги, кол астындагы адистерди башкарып уюштуруп иштөөсү, жеткиликсиз болуп жаткандыгы белгиленсин.
Төрага |
Ч.Кадыркулов
|