Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2025-жылдын 20-августундагы №2/5
Кош-Дөбө айыл аймагындагы №2372, 2345- участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-августундагы №01-00/12 сандуу чыгыш катына негиз жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчысы Н.Аширбековдун №2372, 2345-участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо боюнча берген маалыматын Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык №2372, 2345-участкалык шайлоо комиссияларынын резервине толуктоо киргизүү үчүн сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2.№2372, 2345-участкалык шайлоо комиссияларынын резервине толуктоо киргизүү үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин Аксы районунун аймактык шайлоо комиссиясына маалыматты жеткирүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчысы Н.Аширбековго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.Кадыркулов
|