Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2025-жылдын 20-августундагы №2/6
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине негиз Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратбеков айыл өкмөтүбүздүн техникалык базасын чыңдоо максатында айыл өкмөтүбүзгө лизингге кызматтык автоунаа алуу сунушуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине негиз Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратбеков айыл өкмөтүбүздүн техникалык базасын чыңдоо максатында айыл өкмөтүбүзгө лизингге кызматтык автоунаа алуу сунушу боюнча Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин 3-пункутуна негиз Айыл өкмөт башчысына мамлекет тарабынан лизингге жаңы автоуна алуу боюнча акча каражатын толугу менен Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан каржыланса макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.Кадыркулов
|