Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2025-жылдын 20-августундагы №2/7
Кош-Дөбө айыл өкмөттүн карамагында турган “Кош-Дөбө чек ара” кызматы жайгашкан жер азыркы учурда айыл өкмөттүн балансына өткөндүктөн чек ара кызматына өткөрүп берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айылдык кеңештин туруктуу комиссиялардын чыгарган чечимдери боюнча комиссия төрагаларынын окуп тааныштырууларын Кош-Дөбө айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кош-Дөбө айыл өкмөттүн карамагында турган Атана айылындагы “Кош-Дөбө чек ара” кызматы жайгашкан жер аянты азыркы учурда айыл өкмөттүн балансына өткөндүктөн чек ара кызматына өткөрүп берүү үчүн көз карандысыз баалоо комиссиясы тарабынан баалатып мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.“Кош-Дөбө чек ара” кызматы жайгашкан жер аянтты өткөрүп берүүдө мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөттүн башчысы Р.Касымбековго мидеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ч.Кадыркулов
|