Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/10
Лизинге атайын техникаларды сатып алуу жөнүндө
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 3-июлундагы №61-т тескемесинин негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лизинг компаниясынан атайын техникаларды сатып алуу максатында Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 3-июлундагы №61-т тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лизинг компаниясынан атайын техникаларды сатып алуу максатында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн орун басары –жооптуу катчы, башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Ускенбаева Гульнара Аширбаевнага бардык лизинге тиешелүү кагаздарга кол коюуга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, регламент, депутаттык этика жана
мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Акпаралыев Д.А. |