Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/1
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитип берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (тиркелет);
2. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен бирге Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |