Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/2
Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Арык айыл аймагынын башка планынын ичинде жайгашып 4-03-03-1001-1279 иденттик коду менен Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн карамагындагы өндүрүш багытындагы жер катары каттоодон өткөн 53665 кв.м жер аянтынын максаттык багытын турак жай курууга деп өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 14-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 04.09.2024-жылындагы № 03-3/7 корутундусуна таянып, Куйручук-Кызарт айылдык кенеш, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Жаны-Арык айылынын башка планынын ичинде жайгашып 4-03-03-1001-1279 иденттик коду менен өндүрүштүк багыттагы жер катары айыл өкмөтүнүн карамагында катталып турган 53665 кв.м жер аянты азыркы учурда өндүрүшкө пайдаланууга зарыл болбой, айрым тургундар тарабынан турак-жайлар курулуп калгандыгына байланыштуу жана Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 04.09.2024 жылындагы №3-3/7 корутундусуна таянып, максаттык багыты “турак-жай курууга” деп өзгөртүлсүн;
2. Аталган жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү боюнча талап кылынган иштерди жүргүзүп, курулуш куруп алган тургундардын жер чектерин Жумгал райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын корутундусунда макулдашылып тиркелген схемага ылайык жайгаштырылып, каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине тапшырылсын;
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Санташовго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |