Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/3
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы бала бакчалардын бюджетиндеги спец.счетго кошумча план суроо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Кызарт-келечеги”, “Кызарт”, “Кызарт-Таӊ нуру”, “Балалык уясы” жана “Акжолтой-Апа” бала бакчаларынын бюджетиндеги спец.счетго кошумча план суроо максатында айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Ибраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Жалпы бала бакчаларга жыл башында 1300,0 миӊ сомго план бекитилген. Жергиликтүү бюджеттен балдардын тамак-ашына акча каражаты бөлүнбөй калгандыктан жана азык-түлүккө болгон баалардын жогорулагандыгынын негизинде бала бакчалардагы ата-энелерден ар бир бала үчүн төгүлө турган акча каражатынын көбөйтүлгөндүгү тууралуу протоколдорду карап, 4050,8 миӊ сомго кошумча план суралсын. Жалпы такталган план 5350,8 миӊ сом;
2. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |