Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/4
Жайытка кошумча план суроо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, жайытка кошумча план суроо максатында айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Ибраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Жалпы жайытка жыл башында 809,6 миӊ сомго план бекитилген. Жайытка чыккан малдын башынын өскөндүгүнө байланыштуу жайыт акыга төгүлө турган акча каражатынын көбөйгөндүгүнөн улам, 1071,4 миӊ сомго кошумча план суралсын. Жалпы такталган план 1881,0 сом;
2. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |