Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/5
Республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкөн 45645 сом акча каражатын беренелерге олтургузуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн бюджетине максаттуу трансферт катары келип түшкөн 45645 сом акча каражатын беренелерге отургузуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Ибраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшкөн 45645 сом акча каражаты төмөндөгү беренеге отургузулсун:
Билим берүү тармагына
3112 беренеси боюнча - Мектептерге отнотулган видео көзөмөл камераларынын интернет байланышынын акысын төлөп берүүгө.
2. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |