Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/6
Куйручук-Кызарт айыл аймагында топоздор үчүн жайыт акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Соӊ-Көл” муниципалдык ишканасынын жайыт инспекторунун кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеш, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын тургундарынын жайыттарга чыгарган ар бир топоз башына жайыт акысы үчүн 1 жылга 2000 (эки миӊ) сом өлчөмүндөгү тариф бекитилсин;
2. Топоздорду ички жайыттарга, айдоо, чөп аянттарына түшүрбөө жана топоздорду сырткы жайыттарда кармоо жагы белгиленсин жана бул боюнча топоз баккан тургундарга түшүндүрүү иштери алынып барылсын;
3. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Соӊ-Көл” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |