Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/7
Куйручук-Кызарт айыл аймагында туризм тармагындагы ат турларын уюштуруу максатында багылып жаткан аттар үчүн жайыт акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Соӊ-Көл” муниципалдык ишканасынын жайыт инспекторунун кайрылуусун карап, айылдык кенештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагында туризм тармагындагы ат турларын уюштуруу максатында багылып жаткан аттар үчүн, ар бир аттын башына жайыт акысы катары 1 жылга 500 (беш жүз) сом өлчөмүндөгү тариф бекитилсин;
2. Куйручук-Кызарт айыл аймагында туруктуу жашабаган, бирок жеке ишкерлик кылып айыл аймагында аттарын бактырып, ат турларын уюштурган жеке ишкерлердин аттары үчүн, ар бир аттын башына жайыт акысы катары 1 жылга 1500 (бир миӊ беш жүз) сом өлчөмүндөгү тариф бекитилсин;
3. Бул тарифтердин бекитилгендиги боюнча туризм тармагында ат турларын уюштурган жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштери алынып барылсын жана мындан ары ушул тариф менен жайыт акысы алынсын;
4. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
5. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Соӊ-Көл” муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |