Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/8
“Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, келип түшкөн сунуштарды карап, айылдын агартуу тармагынын өнүгүүсүнө, коомдук турмушуна кошкон салымы жана коомдогу ишмердүүлүгүн эске алып, айылдык кеӊештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Билим берүү тармагында көп жыл үзүрлүү эмгектенген Куйручук айылынын тургуну Дүйшөналиев Жолдошбекке, Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинде агартуу тармагында көп жыл эмгектенген Кызыл-Эмгек айылынын тургуну Абдыракманова Сангүл Дүйшөновнага жана журналистика тармагында үзүрлүү эмгектенип, Жумгал району боюнча эмгеги сиӊген белгилүү инсандардын энциклопедиясын даярдап чыгаруудагы эмгеги үчүн Босумбаева Самара Райымбековга “Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын;
2. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул токтомдун негизинде “Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы жөнүндө күбөлүк жана төш белги даярдап, сыйлыктарды тапшырууну жүргүзсүн;
3. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |