ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-апрели № 5/II
“Муниципалдык ишканага жабдууларды жана кичи техникаларды
сатып алуу” долбоору жөнүндө
“Муниципалдык ишканага жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу” долбоору боюнча Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы Усупов Э.Д. маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" 2021-жылдын 20-октябрында № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Жээк айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Долбоор “Муниципалдык ишканага жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу” – жалпы бюджети 588,7 мин.сом, анын ичинде Ысык-Ата онуктуруу фондунан – 450,0 мин. сом, жергиликтуу бюджетинин салымы 138,7 мин.сом бекитилсин.
2. Долбоор “Муниципалдык ишканага жабдууларды жана кичи техникаларды сатып алуу” - 2024-жылдын Жээк айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жээк айыл өкмөт башчысына жана айылдык кенешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/5-11%20%D0%BE%D1%8216.04.2024.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | К.Шаршеналиев |