Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/9
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынын “Ак-Чий” участкасындагы “Ак-Чий” БСРин айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алуу жана Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде, Куйручук-Кызарт айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Куйручук айылынын “Ак-Чий” участкасындагы №1615, №1617, №1618 контурларында жайгашкан 1 га жер аянтын ээлеген “Ак-Чий” БСРи айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын;
2. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын “Ак-Чий” участкасындагы 1 га жер аянтын ээлеген “Ак-Чий” БСРнин тиешелүү иш кагаздары даярдалып, Суу ресурстары кызматынын Жумгал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин;
3. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |