Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-июну №11/10
Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Кырчын калктуу конушуна “айыл” макамын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 6, 12 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кырчын калктуу конушунун тургундарынын 2026-жылдын 22-июнундагы жыйынынын протоколуна таянып, Куйручук-Кызарт айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын Кырчын калктуу конушунда жашаган кожолуктун саны көбөйгөндүгүнө жана айыл өкмөтүнүн борборунан алыс жайгашкандыгын эске алуу менен айылдын социалдык маселелерин чечүү учур талабы болгондуктан Кырчын калктуу конушуна “айыл” макамын ыйгарууга макулдук берилсин;
2. Айыл макамын алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо менен Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго тапшырылсын;
3. Бул токтом Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн kuyruchuk-kyzart.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
4. Айылдык кеӊештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү Ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жиберилсин;
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Санташовго жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |