Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 7-июлу № 104
Климаттык иш жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам климаттык иш чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргыз Республикасынын калкына, экономикасына жана экотутумдарына таасирин азайтуу, климаттык туруктуулукту жана Кыргыз Республикасын аз көмүртектүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн климаттык иш-аракеттердин укуктук негиздерин белгилейт.
2. Мыйзам Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын максаттарын, милдеттерин, принциптерин жана багыттарын, аны иштеп чыгууга негизги талаптарды, климаттык каржылоо, мониторинг жана баалоо тутумун түзүү жана чыңдоо, илимий-изилдөө ишин өнүктүрүү, потенциалды жогорулатуу, климаттык технологияларды иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү үчүн негизди аныктайт.
2-берене. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) адаптациялык потенциал - тутумдардын, мекемелердин, адамдардын жана башка организмдердин потенциалдуу зыянга ыңгайлашуу, мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу же кесепеттерге жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгү;
2) климаттын өзгөрүүсүнө адаптация:
а) антропогендик тутумдарда - зыянды жеңилдетүү же пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн учурдагы же күтүлүп жаткан климатка жана анын таасирлерине ыңгайлашуу процесси;
б) табигый тутумдарда - учурдагы климатка жана анын таасирлерине ыңгайлашуу процесси; адамдын кийлигишүүсү күтүлүп жаткан климатка жана анын таасирлерине ыңгайлашууга өбөлгө түзүүсү мүмкүн;
3) таасир - жаратылыш жана антропогендик тутумдар үчүн ишке ашырылган тобокелдиктердин кесепети, анда тобокелдиктер климаттык кооптуу кубулуштардын, дуушар болуунун жана аярлуулуктун өз ара аракеттеринин натыйжасы болуп саналат. Таасирлер адамдардын өмүрүнө, жашоо каражаттарына, ден соолугуна жана бакубатчылыгына, экотутумдарга жана түрлөргө, экономикалык, социалдык жана маданий активдерге, кызмат көрсөтүүлөргө (экотутумдук кызмат көрсөтүүлөрдү кошкондо) жана инфратүзүмгө таасир этүүчү натыйжаларды туюндурат. Таасирлер жагымсыз же жагымдуу болушу мүмкүн;
4) парник газдарынын чыгындылары - белгиленген райондун чегинде жана белгиленген убакыт аралыгында антропогендик иштин натыйжасында парник газдарынын жана/же алардын прекурсорлорунун жана аэрозолдорунун атмосферага бөлүнүп чыгуусу;
5) ESG-принциптер - компаниялардын ишинде экологиялык (Environmental), социалдык (Social) жана башкаруучулук (Governance) аспекттерди эсепке алууга жана алардын туруктуулугун жана айлана-чөйрөгө, коомго жана башкаруунун ички түзүмүнө таасирин баалоого багытталган негизги принциптер;
6) климаттын өзгөрүүсү - климаттын абалынын өзгөрүүсү, ал анын параметрлеринин орточо маанилериндеги өзгөрүүсү жана/же вариабелдүүлүгү аркылуу аныкталышы мүмкүн болот жана узак мезгил аралыгында, адатта ондогон же андан көп жылдарга сакталат. Климаттын өзгөрүүсү табигый ички процесстерден же күн циклинин модуляциясы, жанар тоолордун атылуусу жана атмосферанын курамында же жерди пайдаланууда узак мөөнөттүү антропогендик өзгөрүүлөр сыяктуу тышкы таасирлерден келип чыгышы мүмкүн.
7) верификация - аккредиттелген верификациялык уюм тарабынан жүргүзүлгөн парник газдарынын чыгындыларынын кыскартылышы же сиңирилиши жөнүндө маалыматтардын аныктыгын көз карандысыз текшерүү;
8) Парник газдарынын чыгындыларынын жана сиңирилишинин мамлекеттик кадастры - Кыргыз Республикасынын аймагында парник газдарынын чыгындылары жана сиңирилиши жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө чогултуу, эсепке алуу, талдоо жана берүү үчүн багытталган, расмий мамлекеттик маалымат ресурсу жана Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган улуттук маалыматтык-аналитикалык тутум;
9) чыгынды булактарынын категориялары - аларда адамдын иши парник газдарынын чыгындыларына же сиңирилишине алып келүүчү секторлордун топтору: энергетика, өнөр жай процесстери, айыл чарбасы, токой чарбасы, жерди пайдалануунун башка түрлөрү жана калдыктар;
10) парник газдарынын чыгындыларына квота - парник газдарынын чыгындыларынын уруксат берилген деңгээли, бул убакытта квота ээсине өз объектилеринен парник газдарынын чыгындыларынын тиешелүү көлөмүн жүзөгө ашырууга укугу болгон колдонулуу мөөнөтү болот;
11) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат - климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого, климат чөйрөсүндөгү маалыматтык, илимий, социалдык-экономикалык саясатты чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик чаралар жана стратегиялар;
12) климаттык иш - климаттын өзгөрүүсүнүн таасирин азайтууга же климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого багытталган мамлекеттик да, жеке субъекттер да тарабынан жасалуучу иш-аракеттер;
13) климаттык технологиялар - көмүртек нейтралдуулугуна жана климаттык туруктуулукка жетүүгө багытталган климаттык ишти аткаруу үчүн жабдуу, техника, практикалык билимдер же көндүмдөр;
14) климаттык каржылоо - климаттык иш-аракеттерди колдоого багытталган мамлекеттик жеке жана альтернативдүү булактардан жергиликтүү, улуттук же улуттар аралык каржылоо, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо жана глобалдуу масштабда климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө арналган, парник газдарынын чыгындыларын кыскартууга, аярлуулукту азайтууга, антропогендик жана экологиялык тутумдардын климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирлерине карата туруктуулугун сактоого жана жогорулатууга багытталган каржылык ресурстар;
15) БУУнун КӨАКынын Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу - БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы жана Бүткүл дүйнөлүк Метеорологиялык Уюм тарабынан уюштурулган, климаттын антропогендик факторлордон келип чыккан өзгөрүүсүнүн тобокелдигин баалоо үчүн түзүлгөн, климат жаатындагы эксперттерден турган, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндө бар болгон, бүткүл дүйнө жүзүндө ишенимдүү маалымат булагы катары таанылган мезгил-мезгили менен баалоочу отчетторду жарыялаган, климаттын өзгөрүшүн баалоо боюнча жетектөөчү эл аралык орган;
16) митигация (климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү) - парник газдарынын чыгындыларын кыскартуу же алдын алуу жана парник газдарынын сиңирилишин күчөтүү үчүн антропогендик кийлигишүү. Жаңы технологияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну, эски жабдуунун энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууну же башкаруу методдорун же адамдардын жүрүм-турумдарын өзгөртүүнү туюндурушу мүмкүн;
17) парник газдарынын чыгындыларын инвентаризациялоо - белгилүү бир мезгил үчүн парник газдарынын булактар боюнча чыгындыларын жана агым боюнча сиңирүүлөрүн баалоого багытталган, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралардын комплекси;
18) Көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук тутуму (КБЖУТ) - Кыргыз Республикасынын аймагында көмүртек бирдиктерин түзүүнү, каттоону, жүгүртүүнү, өткөрүп берүүнү, жокко чыгарууну жана отчеттуулугун камсыз кылуучу укуктук, институционалдык, техникалык жана маалыматтык механизмдердин жыйындысы;
19) Кыргыз Республикасынын Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымы (мындан ары - Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым) - Париж макулдашуусунун алкагында иштелип чыккан, климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан улуттук иш-аракеттер планы;
20) Париж макулдашуусу - БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагындагы макулдашуу, ал 2020-жылдан тартып атмосферада көмүр кычкыл газын азайтуу боюнча чараларды жөнгө салат жана глобалдуу орточо аба табынын өсүшүн 2 ºC тан бир топ төмөн кармоо жана аба табынын 1,5 ºCка чейин өсүшүн чектөө үчүн аракет кылуунун глобалдуу митигациялык максатын, ошондой эле климаттык туруктуулукту жана адаптациялык потенциалды жогорулатуунун жана өнүгүүнүн аярлуулугун азайтуунун адаптациялык максатын аныктайт. Макулдашуу өлкөлөрдүн Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарын кабыл алуу аркылуу климаттын өзгөрүүсү алкагында дымактуулуктун ар түрдүү максаттарын жогорулатуунун беш жылдык циклин карайт;
21) парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алып, кайра нурланткан жана глобалдуу ысып кетүүнү пайда кылган газ сымал булгоочу заттар: көмүр кычкыл газы (СО2), метан (СН4), азот кычкылы (N2O), гидрофторуглерод (ГФУ), перфторуглероддор (ПФУ), күкүрт гексафториди (SF6) жана азот трифториди (NF3);
22) глобалдуу ысып кетүүнүн потенциалы - ар кандай парник газдарынын 100 жылдык мезгил ичинде глобалдуу ысып кетүүгө тийгизген таасиринин даражасын аныктоочу коэффициент. Тандалган убакыт горизонту боюнча аккумуляцияланган жана эталондук заттын - көмүр кычкыл газынын (СО2) таасири менен салыштырылуучу, ошол заттын бирдик массасы чыккандан кийин радиациялык таасир анын жардамы менен ченелүүчү көрсөткүч. Глобалдуу ысып кетүүнүн потенциалы бул заттардын атмосферада болуусунун ар кандай мөөнөттөрүнүн комбинирленген таасирин жана радиациялык таасирдин пайда болуу жаатында алардын натыйжалуулугун туюндурат. Глобалдуу ысып кетүүнүн потенциалы БУУнун КӨАКынын Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу тарабынан глобалдуу пайдалануу үчүн эсептелет;
23) проекция - сандык көрсөткүчтүн келечектеги потеициалдуу эволюциясын жана сандык көрсөткүчтөрдүн жыйындысынын билдирүүчү келечектүү баалоо. Болжолдон айырмаланып, келечектеги баалоолор, мисалы, ишке ашырылышы мүмкүн же мүмкүн эмес болгон келечектеги социалдык-экономикалык жана технологиялык иштеп чыгууларга тийиштүү божомолдорго карата шарттуу мүнөзгө ээ;
24) климатты өзгөртүүнүн проекциясы - климаттык моделдерди пайдалануу менен алынган, парник газдарынын жана аэрозолдорунун келечектеги чыгындыларынын сценарийине же концентрациясына климаттык тутумдун моделдештирилген жообу;
25) парник газдарынын чыгындылары боюнча отчеттуулук реестри - парник газдарынын чыгындылары жөнүндө отчетторду камтыган мамлекеттик маалымат тутуму;
26) тобокелдик - белгилүү бир баалуулук коркунуч алдында турган жана акыркы жыйынтыгы аныкталбаган болуп саналган кесепеттердин мүмкүнчүлүгү;
27) БУУнун КӨАКы - 1994-жылдын 21-мартында күчүнө кирген, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы;
28) көмүртекти секвестрациялоо - токойлор же башка жер үстүндөгү, же деңиздеги экотутумдар тарабынан СО2ни сиңирүү (абсорбация), көмүртекти сиңирүүчүлөрдө (өсүмдүктөрдө, топуракта, океанда ж.б.) байланыштыруу жана узак мөөнөткө сактоо. Бул терминдин башкача колдонулушу СО2ни жер алдындагы катмарларда кармоону жана сактоону түшүндүрөт;
29) парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутуму - парник газдарынын чыгындыларына квоталарды жүгүртүүнүн уюштурулган тутуму, ал парник газдарынын чыгындыларына квоталарды сатуучулардын жана сатьгп алуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүү методдорун аныктайт, парник газдарынын чыгындыларына квоталарды учурдагы да, келечектеги да мезгилдерде сатып алууга-сатууга байланыштуу контракттык мамилелерди жүзөгө ашырууга сатып алуучуларга мүмкүндүк берет, анын ичинде парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоонун ички корпоративдик тутуму (көз каранды юридикалык жактардын ортосунда же ички корпоративдик деңгээлде бир юридикалык жактын ичинде иштөөчү жана парник газдарынын чыгындыларына квоталардын ички корпоративдик жүгүртүлүшүн камсыз кылуучу парник газдарынын чыгындыларына квоталарды соодалоо тутуму);
30) экономикалык иштин субъектиси - Кыргыз Республикасынын аймагында чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак (жеке ишкер);
31) адилеттүү өтүү - аз көмүртектүү жана туруктуу экономикага өтүү процессинин аярлуу топторунун социалдык-адилеттүү, инклюзивдүү жана коргоочу укуктарын камсыз кылууга багытталган кайра түзүүлөр тутуму;
32) аярлуу топтор - климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине байланышкан тобокелдиктерге алардын социалдык-экономикалык, географиялык абалынан, дене бойлук абалынан же жаратылыш ресурстарына көз карандылыгынан улам көбүрөөк дуушар болгон, мындай өзгөрүүлөрдөн коргонуу же аларга адаптациялануу үчүн ресурстары же мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана өз укуктарын, коопсуздугун жана бакубаттуулугун коргоодо кыйынчылыктарга туш болгон адамдардын, коомдоштуктун категориялары. Өзгөчө аярлуу топтор болуп майыптыгы бар адамдар, улгайган адамдар, аялдар жана балдар саналат;
33) көмүртек бирдиги - климаттык долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жана мониторингден, отчеттуулуктан жана верификациялоодон өткөн бир тонна диоксид көмүртегинин эквивалентин (СО2-эквивалент) кыскартуунун же жок кылуунун (сиңирилишинин) верификацияланган көлөмүн туюндурган эсептик бирдик;
34) көмүртек нейтралдуулугу - көмүр кычкыл газына (CО2-эквиваленти) кайра эсептөөдө туюнтулган парник газдарынын чыгындыларынын жана алардын атмосферадан сиңирилишинин ортосундагы нөлдүк баланска жетишүү;
35) туруктуулук - социалдык, экономикалык жана экологиялык тутумдардын кооптуу кубулушка же трендге, мында бул тутумдар өзүнүн башкы функциясын, иденттүүлүгүн жана түзүмүн сактап калгыдай ыкмалар менен таасир этүү же кайра түзүлүү, адаптациялоого, окутууга жана трансформациялоого жөндөмдүүлүгүн бир эле маалда сактап калуу менен каршы туруу жөндөмү;
36) аярлуулук - тутумдун же объектинин жагымсыз таасирге ички жакындыгы;
37) жылуулук аралы эффектиси - чектеш жайгашкан аймактарга салыштырмалуу калктуу конуштарда (айрыкча шаарларда) аба табынын жогорулашы, ал тыгыз жайгашкан курулуштардан, жасалма каптоонун басымдуу болушунан (асфальт, бетон), жашыл өсүмдүктөрдүн аянтынын азаюусунан жана транспорттон, имараттардан жана өнөр жайлардан жылуулуктун бөлүнүп чыгуусунан улам пайда болот.
3-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
1. Ушул Мыйзамдын максаты климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты пландаштыруу, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз түзүү болуп саналат, ал төмөнкүлөргө багытталат:
1) парник газдарынын чыгындыларын азайтууга, митигациялоого, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого, ошондой эле Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымга ылайык көмүртек нейтралдуулугуна жетишүүгө;
2) климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого, аярлуулукту азайтууга жана климаттын өзгөрүүсүнүн жагымсыз таасирлерине туруктуулукту жогорулатууга;
3) калктын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, суу ресурстары, айыл чарбасы, жайыттар, токойлор, калктуу конуштар, транспорттук жана энергетикалык инфратүзүм үчүн климаттык тобокелдиктерди азайтууга, ошондой эле шаарлардын абасынын булгануусуна, ысып кетүүсүнө жана жашылдандыруунун жетишсиздигине туруктуулугун жогорулатууга.
2. Ушул Мыйзамдын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу үчүн институционалдык негизди чыңдоо;
2) климаттын өзгөрүүсү маселелерин мамлекеттик, ошондой эле тармактык, регионалдык, жергиликтүү жана корпоративдик өнүгүү саясатына интеграциялоо үчүн укуктук негиздерди түзүү;
3) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутумун түзүү жана чыңдоо, анын ичинде мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана верификациялоо тутумун түзүү;
4) климаттын өзгөрүүсү маселелерин эске алуу менен туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү;
5) климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн маалыматтык, технологиялык жана илимий негизди өнүктүрүү;
6) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
4-берене. Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө төмөнкүдөй принциптер сакталууга тийиш:
1) узак мөөнөттүү келечек - климаттык туруктуу, аз көмүртектүү өнүгүү боюнча узак мөөнөттүү климаттык максаттарга жетүү менен жакынкы иш-аракеттердин байланышын белгилөө;
2) иш-аракеттердин баарын камтуучу масштабы - бардык субъекттер иштин бардык чөйрөлөрүндө, нарк түзүүнүн жана жеке керектөөнүн чынжырларында аз деңгээлдеги чыгындылары бар парник газдарынын климатка туруктуу өнүгүүсүн колдоого умтулууга тийиш;
3) айкындуулук жана отчеттуулук - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы иш-аракеттердин айкындыгы жана ачыктыгы, климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат жана аны ишке ашыруунун натыйжалары, тармактык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдардын үзгүлтүксүз отчет берүүсү аркылуу климаттык каржылоо жөнүндө маалыматка коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
4) шайкештик - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын мамлекеттик тармактык саясаттар менен шайкештигин камсыз кылуу, тармактык өнүктүрүү программаларын, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыгууда климаттын өзгөрүүсү жана климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоо маселелерин эсепке алуу;
5) социалдык адилеттүүлүк жана инклюзивдүүлүк - калктын ар кандай топторунун кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн, гендердик аспекттерди эсепке алуу, адилеттүү өтүүнү камсыз кылуу;
6) илимий негиздүүлүк - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын чараларын иштеп чыгууда, климаттын өзгөрүүсүнө митигациялоо жана адаптациялоо үчүн алдынкы климаттык технологияларды иштеп чыгууда жана киргизүүдө илимий маалыматтарды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын эсепке алуу;
7) туруктуу өнүгүү - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда жана ишке ашырууда экономикалык өсүштүн, экологиянын жана айлана-чөйрөнү коргоонун ортосундагы балансты камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сактоону камсыз кылуу, экотутумдарды жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо;
8) практикалык натыйжалуулуктун артыкчылыгы - климаттын өзгөрүүсү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда калктын өмүрү жана ден соолугу үчүн тобокелдиктерди азайтууга, абанын сапатын, суунун коопсуздугун, азык-түлүктүн туруктуулугун камсыз кылууга, ошондой эле топуракты, жайыттарды, токойлорду жана шаар чөйрөсүн коргоого багытталган чараларга артыкчылык берилет.