Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №9/11
Лизинге атайын техника сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы №633 тескемесине ылайык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик лизинг компаниясынан (МЛК) Ала-Бука айыл аймагына бөлүнгөн кызматтык (шевроле треекер) жеңил авто унаасын лизинг жолу аркылуу алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, регламент, депутаттык этика жана
мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоону өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
Акпаралыев Д.А. |