Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-августундагы №10/1
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдын 6 айында аткарылган иштерин кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 27-август 2025-жылы чыгарган корутундусун карап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 6 айында
аткарган киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча берилген маалыматы угулду.
2. Айыл өкмөтүнүн 6 айындагы бюджетинин киреше бөлүгү 100 450000 (жүз млн төрт жүз элүү миң) сом, ал эми, чыгаша бөлүгү 72 566600 (жетимиш эки млн беш жүз алтымыш алты миң алты жүз) сом болуп кабыл алынсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы беренелер боюнча төмөнкүдөй болуп азайтылсын жана көбөйтүлсүн:
- 11122200 беренеси менен патент салыгын – 2 000000 (эки млн) сомго азайтууга;
- 11321300 беренеси менен калктуу конуштардагы мүлк салыгын – 1 000000 (бир млн) сомго көбөйтүүгө;
- 14152100 беренеси менен калктуу конуштардагы жерлердин ижара акыларын - 1 000000 (бир млн) сомго көбөйтүүгө;
- 14221900 беренеси менен башка төлөмдөрдү – 2 000000 (эки млн) сомго көбөйтүүгө макулдук берилсин.
4. Жогоруда көбөйтүлгөн 2 000000 (эки млн) сом акча каражатынын эсебинен төмөнкү иштер аткарылсын:
- “Ала-Бука техкызмат” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 2511 (субсидия) беренесине 1 000000 (бир млн) сом;
- Т.Сартмамбетов көчөсүндөгү электр мамыларын жылдыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин 3111 (курулуштар жана курулмалар) беренесине 1 000000 (бир млн) сом ачка каражаттары которулсун.
5. 2824 беренесиндеги резерф фонд эсебинен 1 700000 (бир млн жети жүз миң) сом акча каражаты 2221 (кезектеги ремонт) беренесине жылдырылып, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана орто мектептердин от казандарын жаңылоого иштетилсин.
6. Жылдырылган акча каражаттары боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековго жүктөлсүн.
7. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономика,
муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Усенбаева К.С.
|