Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-августундагы №10/2
“Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын төлөм ченемин (тариф) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренсинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык, “Ала-Бука-Водоканал” муниципалдык ишканасынын директорунун билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чабасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 27-август 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын төлөм ченеми (тариф) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Бекитилген төлөм ченемге (тариф) ылайык иш алып баруу, муниципалдык ишкананын директору Б.Кулчиновдун жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Усенбаева К.С.
|