Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-августундагы №10/3
Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуш кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде “Ала-Бука-Водоканал” муниципалдык ишканасынын директорунун билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чабасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 27-август 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасы, өзүнүн ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатында техникалык тейлөө автоунаасын (комбинированная каналопромывочная машина) сатып алуу үчүн даярдаган долбоору, Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунун кароосуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Сунушталган долбоор боюнча иш жүргүзүү, муниципалдык ишкананын директору Б.Кулчиновго жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Усенбаева К.С.
|