Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-августундагы №10/4
Ала-Бука автобекет муниципалдык ишканасына жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн уруксат кагазын (лицензия) алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиКыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренсинин 12-бөлүмчөсүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн орун басары Г.Ускенбаеванын билдирүүсүн жана айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 29-август 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ала-Бука автобекет” муниципалдык ишканасына жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн
уруксат кагазын (лицензия) алууга макулдук берилсин
2. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эреже боюнча иш алып баруу муниципалдык ишкананын жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар,спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Усенбаева К.С.
|