Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-августундагы №10/5
Ала-Бука айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Ала-Бука айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервтерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жарандардын жана коомдук уюмдарынын чогулуштарынан келип түшкөн чечимдерин жана айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 29-август 2025-жылы чыгарган корутундусун карап чыгып, айылдык кеңешинин депутаттарынын макулдугун эске алып Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жарандардын жана коомдук уюмдардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер, Ала-Бука айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервтерине сунуштоого макулдук берилсин (тизме тиркелет).
2. Айыл аймагынан түзүлгөн резервтердин курамын бекитип берүү жагы, Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Усенбаева К.С.
|