Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-бука айылдык кеңешинин кезексиз X сессиясы
2025-жылдын 29-августундагы №10/6
Кош-Терек айылындагы Ак-Дөбө 2 жаңы конушунун аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобосуна ылайык айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 29-август 2025-жылы чыгарган корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Терек айылындагы Ак-Дөбө 2 жаңы конушунун аталышы өзгөртүлүп, Арзыматов Сатымкулдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Аталган көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жерлеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык, көчөдөгү турак үйлөрдүн катар сандары такталып, тактайчалары (табличка) белгиленсин.
3. Көчөнүн катар сандарын тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ала-Бука филиалынын адистеринин катышуусу менен жүргүзүлсүн.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн сунуштоо, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Усенбаева К.С.
|